Садыр Жапаров Астана шаарындагы жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чараларга катышат
RU

Садыр Жапаров Астана шаарындагы жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чараларга катышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров 12-14-октябрда Казакстандын Астана шаарындагы бир катар жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Иш сапардын алкагында 13-октябрда мамлекет башчы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине катышат. 14-октябрда ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Ошол эле күнү Садыр Жапаров "Борбор Азия – Россия" форматындагы 1-саммитке катышат.

Астана шаарындагы эл аралык иш-чаралардын алкагында өлкө лидерлери Азия регионундагы коопсуздук жаатында кызматташуу, КМШ алкагында соода-инвестициялык өнөктөштүк, "Борбор Азия – Россия" форматында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат", - деп билдирди Азымбакиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8792