Ташиев Кемпир-Абаддын алдындагы 4 485 гектар жер Өзбекстанга берилерин айтты
RU

Ташиев Кемпир-Абаддын алдындагы 4 485 гектар жер Өзбекстанга берилерин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат берди. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 10-октябрдагы жыйынында ал Өзбекстанга 4 485 гектар, Кыргызстанга 19 699 гектар жер бөлүнгөнүн айтты.

Ташиевдин айтымында, Кыргызстан алган жерлер:

  • Гавасай - 12 949 гектар;
  • Көк-Серек (Ала-Бука району) - 105 гектар;
  • Баястан (Ала-Бука району) - 212 гектар;
  • Үңкүр-Тоо - 35 гектар;
  • Ак-Таш (Кара-Суу району) - 100 гектар;
  • Кара-Белес (Ала-Бука району) - 25 гектар;
  • Шарихан каналы - 19,5 гектар (каналдын башы Өзбекстанга карайт, аянты 19,5 гектар);
  • Сузак району - 500 гектар;
  • Өзгөн району - 500 гектар;
  • Орто-Токой суу сактагычы - 1 009,5 гектар (толугу менен);
  • Көк-Серек (Биринчи Май Ала-Бука району) - 1 307 гектар;
  • "Аэропорт", Жетиген, Кербен (Аксы району) - 571 гектар;
  • Шамалды-Сай (Ноокен району) - 1 088 гектар;
  • Араван району - 148 гектар;
  • Көк-Талаа, Пылдырак (Кадамджай району) - 1 013 гектар.

Ташиев белгилегендей, Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Суунун көлөмүн 908 метрден 900 метрге түшүргөндөн кийин 1 246 гектар жер бошоп, ал тилке Кыргызстанга бөлүндү.

"Мурда Кемпир-Абаддагы сууга Өзбекстандын жарандарынын гана мүмкүнчүлүгү бар болчу. Эми суу сактагычты биргелешкен мекеме башкарат. Тагыраагы, Кыргызстандан 4, Өзбекстандан 4 адамдан турган мекеме. Сууну пайдалануу боюнча чечимди 70 жыл бою Өзбекстан өз алдынча кабыл алып келген. Мындан ары кыргыз жарандары да сууну пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышты. Өзбекстан инженердик тосмолорду коё албайт. Биз жеңүүчүбүз деп айта албайм. Бирок бир метр жерибизди берген жокпуз. Тескерисинче суроо жаратып келген аянттарды алдык. Айрымдар биз жакшы эмес жерди алганыбызды айтып жатышат. Жок, дыйканчылыкка ыңгайлуу жерлерди алдык. Керек болсо ал жерлерде алтын бар. Өзбекстан өз кезегинде ал жерлерге 6 лицензия берген. Ошого карабай биз ал жерлерди алдык", - деди Ташиев.

УКМКнын төрагасынын айтымында, ратификация иштеринен кийин Кыргызстандын картасында жер аянты 15 806 гектарга көбөйөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8794