Санариптик өнүктүрүү министринин жаңы орун басары дайындалды
Сергей Слесарев Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка бүгүн, 10-октябрда Акылбек Жапаров кол койду.
Сергей Слесарев 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин экономист адистиги боюнча аяктаган. 2003-жылы Кыргыз-Орус Славян университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/8798