Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча камерага сүйлөөдөн баш тартты
RU

Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча камерага сүйлөөдөн баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы боюнча келишим долбоору боюнча камерага комментарий берүүдөн баш тартты.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети кандай чечим кабыл алды деген суроого ал "билбейм" деп жооп берди.

Келишим долбоору боюнча Өзбекстанга өткөн Кемпир-Абаддын жерине токтолуп, толук маалымат кийинчерээк берилерин белгиледи.

"Азыр комментарий бере албайбыз. Талаштуу жерлердин 100 пайызы Кыргызстанга өттү. Баары жайында", - деди Ташиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8802