Дүйнөдөгү эң бийик чокуну багындырган альпинисттер президент менен жолугушту
RU

Дүйнөдөгү эң бийик чокуну багындырган альпинисттер президент менен жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Гималайдагы Манаслу чокусун багындырган альпинисттер менен жолугушту. Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, жолугушуу бүгүн, 10-октябрда болду.

Президент Кыргызстандын альпинизм боюнча курама командасынын мүчөлөрүн аларды планетанын эң бийик чекиттеринин бирине ийгиликтүү чыгышы менен куттуктады.

Альпинисттердин кайраттуулугун жана өжөрлүгүн белгилеп, Садыр Жапаров кыргызстандыктардын эң бийик тоо чокуларынын бирин багындырышы өлкөнүн бүткүл элинде сыймыктануу жана шыктануу сезимин жаратып жатканына көңүл бурду.

Өлкө башчы өлкөнүн альпинизм боюнча улуттук курамасына Кыргызстанды жетишкендиктери менен даңазалап, мамлекеттик тууну ушундай бийик тоо чокуларына көтөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал альпинисттерди колдоого даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Манаслу чокусун багындырууну көздөгөн 80 өлкөнүн 404 альпинистинин ичинен 60ка жакыны гана чокуга жеткенин айтып беришти.

Алардын арасында алтоо кыргызстандык – өлкөнүн альпинизм боюнча курама командасынын мүчөлөрү. Анын ичинен үчөө кислороддук колдоосу жок чокуга чейин чыгышкан. Бул алпьинизмде чоң жетишкендик.

Кыргызстандын альпинизм боюнча курамасы Гималайдагы Манаслу чокусун үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында багындырышкан.

Экспедиция катышуучулары Кыргызстандын желеги тоонун үстүнө көтөрүлгөнүн кабарлашты. Мындан тышкары катышуучулар чокуга чейин "Манас" эпосунун үч килограммдык томун алып чыгышкан. Алардын айтымында, алар бул көтөрүлүүнү Кыргызстанга, Баткенге жана "Манас" эпосуна арнашкан.

Жолугушуунун соңунда альпинисттер Садыр Жапаровго Манаслу чокусунда илинген Кыргызстандын желегин тапшырышты.

Манаслу чокусуна илинген дагы бир желекти альпинисттер тобу Баткен облусунун алыскы чек ара заставасына тапшырууну көздөөдө.

Маалымат үчүн: Манаслу чокусу же "Рух тоосу" 8 миң 163 метрге жетип, планетадагы эң бийик чокулардын бири.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8803