АнкарадаЧыңгыз Айтматов атындагы сейил бак ачылды. Анын бюсту орнотулган
RU

АнкарадаЧыңгыз Айтматов атындагы сейил бак ачылды. Анын бюсту орнотулган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Анкарада Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бак ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Паркта жазуучунун бюсту орнотулду. Ага "Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу" деген учкул сөзү жазылган .

Кыргыз Республикасынын элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын борборунда сейил бактын ачылышы жазуучуга жана анын жаркын элесине болгон терең урматтын ачык ырастоосу гана болбостон, эки элдин ортосундагы бекем боордоштук мамилелердин символу экенин белгиледи.

Ал Чыңгыз Айтматов кыргыз элинин гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн фундаменталдуу инсаны экенин баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8805