Украинадагы жардыруудан жаракат алгандардын арасында кыргыз жарандары жок
RU

Украинадагы жардыруудан жаракат алгандардын арасында кыргыз жарандары жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Украинадагы элчилигинен Киевдеги жардыруудан жаракат алгандардын арасында кыргыздар жок экенин кабарлашты. Элчи Идрис Кадыркулов Украинанын аймагында жүргөн кыргыз жарандарынан бардык талаптарды аткарууну суранат.

"10-октябрдын таңында Украинанын аймагы, анын ичинде Киев шаары массалык ракета жана бомба чабуулдарына дуушар болду. Жарандык инфраструктура жана административдик имараттар жабыркап, карапайым калк арасында курман болгондор бар. Ушуга байланыштуу мекендештерге кайдыгер болбоону жана көрсөтмөлөргө ылайык өздөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн максималдуу чараларды көрүүнү сунуштайм. Эл көп топтолгон жерлерден алыс болуп, мүмкүн болсо үйдөн чыкпаңыз, коменданттык саатты жана кабыл алган өлкөнүн учурдагы мыйзамдарын так сактаңыз", - дейт элчи.

Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилиги адаттагыдай эле ишин улантууда. Консулдук жана укуктук мүнөздөгү бардык маселелер боюнча ишеним телефону түзүлдү: +38-099-114-83-07 (Viber).

Белгилей кетсек, 10-октябрда Киевдин борборунда жардыруу болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8808