Токмокто суракка чакыртылган жигит эртеси жанын кыйды
RU

Токмокто суракка чакыртылган жигит эртеси жанын кыйды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Токмок шаарында 25 жаштагы жигит суицид жасады. Облустук ички штер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, маркум бир күн мурда суракка чакыртылган.

Белгилүү болгондой, 7-октябрда Токмок шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, өспүрүм кызына карата белгисиз жаран ыплас аракеттерди жасаганын айтып чара көрүүнү суранган.

Аталган факты каттоого алынып, тийиштүү текшерүү иштери башталган. 9-октябрда 1997-жылы туулан Ч.А. Токмок ШИИБдин тергөө кызматына алынып келип, күбө катары сурак бергенден кийин коё берилген. Анын ыплас аракеттер боюнча кылмышка катыштыгы бар же жок экендиги боюнча текшерүү улантылып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

10-октябрда Токмок ШИИБине 1997-жылы туулан Ч.А. өзүнүн үйүндө асынып өмүрүн кыйды деген малымат түшкөн. Ыкчам тергөө тобу жерине барып бир күн мурда сурак берген жаран өз жанын кыйганын тастыкташты.

Учурда өз өмүрүн кыюу фактысы боюнча текшерүү иштери жүрүп, милиция кызматынын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынды. Тыкыр изилденип жыйынтыгы менен коомчулукта туулган баардык суроолорго жооп берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8809