Россияда өз жанын кыюга үндөгөн көпүрө пайда болду
RU

Россияда өз жанын кыюга үндөгөн көпүрө пайда болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвадагы Смоленский метро көпүрөсүндө орустарды өзүн-өзү өлтүрүүгө үндөгөн жазуу пайда болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

"Крым көпүрөсүнүн жардырылышына кубансаң менден секир",- жеп жазылат анда.

Белгилей кетсек, бул кулактандыруу мыйзамсыз болуп эсептелет. Анткени ал адамдарды өз жанын кыюуга үндөйт. Ал эми Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 110.1-беренесине ылайык суицидге түрткөн же үндөгөндөрдөр жазага тартылат.

Эске салсак, 8-октябрда Крым көпүрөсүнүн темир жолунда жарылуу болуп, көпүрөдөгү жолдун бир бөлүгү урап түшкөн. Маалыматтарга ылайык, курман болгондор бар.

Ал эми 9-октябрда Россия Федерациясынын президенти бул көпүрөнү Украинанын атайын кызматтары жардырды деп айыптады.

Ушул себеп болуп, 10-октябрда Россия Украинага ири ракеталык сокку урду. Бул Крым көпүрөсү үчүн өч алуу экенин Путин өзү да мойнуна алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8815