"Милиция кызматкерлерин гезит алууга мажбурлайт" деген депутатка ИИМдин өкүлү жооп берди
RU

"Милиция кызматкерлерин гезит алууга мажбурлайт" деген депутатка ИИМдин өкүлү жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Айгүл Айдарова бир күн мурун парламенттин социалдык саясат боюнча жыйынында милиция кызматкерлери "Бетме-бет" газетасын өз каражаттарына алууга аргасыз болушарын айтты.

Айтымында, ал буга чейин Аламүдүн РИИБинде иштеп турганда жетекчиликтен аны 700 сом төлөп, газета алууга мажбурлашкан.

"Аз болсо да, көп болсо да ошол тармакта иштегем. Өз колум менен 700 сомдон берип, газета алып жүрчүмүн. Эгерде мен төлөбөсөм, анда ар кандай кысымдар болчу. Мисалы, кылмыш иштери боюнча кысым болгон. Ал ачык эле нерсе, биз муну жашыра албайбыз. Азыр да кызматкерлер "Бетме-бет" газетасына мажбурлап жаздырат деп айтып жатышат. Мен 12 жыл мурун ИИМдин академиясын аяктадым, андан бери ушул күнгө чейин жылына 700 сомдон берип келгем. Көбү дагы эле мажбурлап жатышат деп ырасташты. Эмне үчүн аларды мажбурлап жатышат? Чынында эле милиционер үчүн 700 сом чоң акча", - деди ал.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев милиция кызматкерлерин эч ким мажбурлабаганын билдирди.

"Ички иштер министрлигинин кызматкерлери ИИМдин турмушунан кабардар болууга укуктуу, ошондуктан алар өз ыктыяры менен кол коюшат. Ал эми мажбурлоо фактылары болсо арыз менен кайрылсын", - деди Абдиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8819