Бишкекте ачылган Кыргыз-Азербайжан достук сейил багы сүрөттөрдө
RU

Бишкекте ачылган Кыргыз-Азербайжан достук сейил багы сүрөттөрдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-октябрда Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз-Азербайжан достук сейил багынын ачылышы болду.

Сейил бактын ачылыш аземине Садыр Жапаров жана Ильхам Алиев катышты.

"Бул сейил бак байыртадан келе жаткан карым-катнаштарга, терең тарыхый, руханий жана адеп-ахлактык тамырларга, баалуулуктарга жана салттарга ээ болгон өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бекем достуктун жана бир туугандыктын символу болуп саналат. Бул биз заманбап кыргыз-азербайжан мамилелерин куруп жаткан бекем пайдубал", - деди президент.

Мамлекет башчы быйыл Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелер активдешип, стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыкканына көңүл бурду.

"Бул көбүнесе Азербайжандын президенти, урматтуу Ильхам Гейдарович Алиевдин жеке көңүл буруусуна жана колдоосуна байланыштуу!", - деди.

Ошондой эле Азербайжандын лидеринин улуттук баалуулуктарды камсыз кылууга жана коргоого, дүйнөлүк коомчулуктун алдында анын эл аралык беделин чыңдоо багытталган көп кырдуу жаратман ишмердүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Садыр Жапаров шаардыктарды Кыргызстан менен Азербайжандын достугу сейил багынын ачылышы менен куттуктап, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге жана анын командасына Бишкектин чыныгы асыл ташына айланып, бишкектиктер убактыларын ырахат менен өткөрө турган бул кооз сейил бактын курулушуна көрсөткөн жардамы жана көмөгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.

"Биздин эки тараптуу каалообуз кыска убакыттын ичинде бул кооз реалдуулукта кандайча чагылдырылганын көрүү абдан жагымдуу. Биздин азербайжандык досторубузга Кыргызстанда көңүл ачууну, түгөнгүс күч-кубатты жана өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин кызыкчылыгы жана жыргалчылыгы үчүн чоң ийгиликтерди каалайм!", - деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.

Өз кезегинде Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бул бактын ачылышынын символикалык мааниси бар экенин белгиледи. Ал Азербайжанга карата мындай мамиле үчүн азербайжан элинин атынан ыраазычылык билдирди.

"Бул сейил бакта биз президент Садыр Жапаровдун шаарды өнүктүрүү, борбордун жашоочуларына, ошондой эле Кыргызстандын башка шаарларынын жана айылдарынын тургундарына ыңгайлуу, жакшы шарттарды түзүү боюнча пландарын да көрүп турабыз", - деди ал.

Азербайжандын лидери кошумчалагандай, бүгүнкү күндө эки өлкөнүн борборлору – Баку менен Бишкек бир тууган шаарларга айланды.

Андан соң Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери сейил бакты көрүп чыгышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8823