Баткендеги жаңжалда үйсүз калгандарга убактылуу жашап туруу үчүн 200 миң сомдон берилет
RU

Баткендеги жаңжалда үйсүз калгандарга убактылуу жашап туруу үчүн 200 миң сомдон берилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда үйсүз калган Баткен облусунун тургундарына атайын эсепке түшкөн каражаттан убактылуу батир ижарасы үчүн 200 миң сомдон берилет. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.

"Жалпы 420 үй-бүлөгө убактылуу жашап турганга турак жай ижарасынын акысы үчүн 49,6 млн. сом бөлүндү. Ал эми үйлөрдү калыбына келтирүүгө республикалык бюджеттен 1 млрд. сом бөлүндү. Жабыркаган жарандарга өзүнчө каражат бөлүнөт",-деди ал.

Буга чейин эл атайын Баткен үчүн эсеп ачып, ага жалпы 320 млн. сом чогулганы маалымдалган.

Белгилей кетсек, учурда 6 миңдей Баткендик тургундар үйлөрүнө кайта элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8839