Талант Мамытов Ташиев менен пикир келишпестиги боюнча: Анча-мынча уруш-талаштар болду
RU

Талант Мамытов Ташиев менен пикир келишпестиги боюнча: Анча-мынча уруш-талаштар болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин экс-спикери Талант Мамытов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен пикир келишпестиги эмнеден келип чыкканы боюнча суроого жооп берди. Ал Баткен облусуна тиешелүү маселени талкуулап жатканда парламентте кайчы пикир жаралганын айтат.

"Жалпы парламенттин ичинде анча-мынча уруш-талаштар, сөздөр болду. Ошол кезде чек арада оор абал болуп, элдин көңүлү чек арада болуп жатканда парламенттеги ызы-чууну чыгарып жиберсек туура эмес болмок. Биз дагы мекенчилбиз. Ал кезде бардык пикирдеги адамдар бирдиктүү болушту. Ошол нерсени жаап-жашырып койгонубуз, мекенди сактоого карата жасаган аракет болду", - деди ал.

Ошондой эле Мамытов отставкага кетүүсү тууралуу Садыр Жапаровго маалымдама бергенин айтты. Ал парламенттин кызыкчылыгын толугу менен коргой албай калганын кошумчалады.

"Жогорку Кеңештин кызыкчылыгын коргой албай калдым десем болот. Ошондой эле менин талаптарым аткарылган жок, мындан улам кызматтан кеттим" , - деди ал.

Эске салсак, 5-октябрда Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагалык кызматынан өз ыктыяры менен кеткенин жарыялаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8840