Жаңы вице-спикер шайланды
RU

Жаңы вице-спикер шайланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар вице-спикерди шайлашты.

Спикердин орун басарлыгына жалгыз талапкер болуп "Элдик" депутаттык тобунан депутат Нурлан Азыгалиев чыккан. Ага 81 депутат добуш берди.

Андан сырткары, парламент Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жаңы төрагасын шайлады. Бул тууралуу "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Мурадил Сыдыков билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин вице-спикер Улан Примов болгон. Ал бул кызматтан өз каалоосу менен кеткенин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8841