Депутат Kaktus.media, Kloop, "Азаттык" редакцияларын жабуу үчүн кол топтоп баштады
RU

Депутат Kaktus.media, Kloop, "Азаттык" редакцияларын жабуу үчүн кол топтоп баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеште депутат Надира Нарматова Kaktus.media, Kloop жана "Азаттык" редакцияларын жабуу талабы боюнча кол топтоп баштаганы маалым болду. Тагыраагы, Нарматованын демилгеси боюнча эл өкүлү Дастан Бекешев Telegram-каналына жазып чыкты.

Азырынча башка депутаттар бул демилге боюнча маалыматы жок экенин айтып, комментарий беришкен жок.

Ал эми Надира Нармтова жогоруда аталган редакцияларды жабуу боюнча демилгени четке какты.

"Мен өзүмдүн ишим менен жүрөм. Мага кызыкчылыгы жок. Жалган бул. Жалган айтканы үчүн жооп берет, бул ошондой бузуку да", - деди ал.

Буга чейин Надира Нарматова TikTok тиркемесин кыргыз сегментинде жабууну сунуштаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8844