Жапаров, Путин жана Рахмон жолугат. Аны ким демилгеледи
RU

Жапаров, Путин жана Рахмон жолугат. Аны ким демилгеледи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин басма сөз катчысы Ербол Султанбаев Владимир Путин, Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмондун жолугушарын тастыктады. Анын айтымында, жолугушууда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көйгөйлүү маселелерди талкуулоо пландалууда.

"Биргелешкен жолугушуу Россиянын лидери Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулуп, ал Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди", - деди Султанбаев.

Белгилей кетсек, жолугушуу 13-октябрда Астанада болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8848