Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт
RU

Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 9-мартта, профилактикалык иштер жүргүзүлгөнүнө байланыштуу, Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу борбордук мэриянын басма сөз кызматы эскертти.

Белгилүү болгондой, "Энесай" суу тосмосунда жана шаардык суу өткөрүүчү түйүндөрдө профилактикалык оңдоп түзөө иштери жана жаз-жай сезонуна даярдык көрүүгө байнашытуу бүгүн, 9-мартта эртең мененки 9:00дон 15:00го чейин айрым райондордо суу өчүрүлөт. Алар төмөнкү объектилер:

  • "Энесай", "Дордой-1", "Дордой-2" жаңы конуштары;
  • №21 муниципалдык аймактык башкарма;
  • №2, 2а, 4 балдар бакчалары;
  • №9 Үй бүлөлүк медицина борбору;
  • №20 китепканасы;
  • №7, 6 милиция пунктары;
  • №21, 94 орто билим берүүчу мектептеп;
  • "КУТ МонтажСтрой" ЖЧКсы;
  • "Ак-Илбирс" компаниясы;
  • "Бегимай-Дордой" менчик бала бакчасы;
  • Свердлов районунуну коомдук-профилактикалык борбору,
  • №32в Дордой базары.

Жаңы конуштардын бардык тургундары ичүүчү суунун өчүрүлүшү тууралуу МТУ жана кварталдык комитеттердин төрагалары аркылуу кошумча эскертүү алышат, деп билдирүүдө жазылган.

Суу менен камсыздоо маселелери боюнча 1533 номери аркылуу кайрылса болот. Андан тышкары борбордук мэриянын колл-борбору күнү-түнү иштейт: 1840, 1850. Фото жана видео фактыларды 0554 182 185 WhatsApp номерине жөнөтсө болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/895