Баштапкы класстар үчүн кадимки форматта окутуу жанданды. Бирок жакында каникул башталат
RU

Баштапкы класстар үчүн кадимки форматта окутуу жанданды. Бирок жакында каникул башталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 9-марттан тартып, Бишкекте баштапкы класстар үчүн салттуу окутуу форматы кайрадан жанданды. 1-,5-, 9- жана 11-класстын окуучулары менен катар 2-,3-,4-класстардын окуучулары да окуй башташты.

Бул күндү балдарга караганда ата-энелер көбүрөөк күтүштү. Алар борбор шаарыбыздын мэриясынан жалпы билим берүүчү мекемелерди ачууну талап кылып, митинг да уюштурушкан.

Бирок, жаңыдан эле окуп баштаган балдар кайра эле каникулга тарашат экен. Билим берүү министрлигинин Kaktus.media'га берген маалыматына ылайык, Кыргызстан боюнча мектеп окуучулары үчүн каникул 22-марттан тартып, 1-апрелге чейин созулат. Ал эми 1-апрелде мектепке 6-,7-,8-,10-класстар да бара башташат.

20-март жекшемби күн, 21-март майрам күн экенин эске алганда, балдар толук эмес эки жума эле окушат экен.

Эске сала кетчү жагдай, мектептин жетекчилиги жана класс жетекчилер балдардан мектеп формасын кийүүнү талап кылууга акысы жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/901