11-12-мартта Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен барат
RU

11-12-мартта Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

11-12-мартта Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Дастан Дюшекеев билдирди.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиев менен жолугат. Алар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун, мындан аркы өнүгүү жана эффективдүү алака түзүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Олий Мажлистин сенаты Танзиля Нарбаева, Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруучу палатанын спикери Нурдин Имоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен эхки тараптуу жолугушуулар планга кирген.

Андан тышкары соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүу максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү пландалууда.

"Кыргызстан менен Өзбекстан стратегиялык өнөктөштөр. Биз мындан ары да коңшулук, достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кызыкдарбыз", - деп Дастан Дюшекеев белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/902