Самара Каримова: Кыйынчылык болгондо жолдошумдун сөзүн эстедим
RU

Самара Каримова: Кыйынчылык болгондо жолдошумдун сөзүн эстедим

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Kaktus.kg сайтына жеке ишкерлиги, чыгармачылыгы жана жакындары тууралуу ачык маек курду.

Ырчы 1 жылга жакын убакыттан бери өзүн ишкер катары сынап келет. Ал ишкерлик кошумча каражат табуу булагы экенин айтат.

"Жолдошума кийим саткан дүкөн ачып бериңиз десем "ансыз деле жумушуң көп, чарчайсың, кыйналасың, бир жерде отурбайсың, мүмкүн сага кереги жоктур, ошол убакытты өзүңө арнап, эс ал" деди. Мага соода кылган жагат окшойт, кыйналбайм дедим. Ар бир ишти баштаганда сөзсүз эле кыйынчылык болот да, ошондо жолдошумдун сөзүн эстедим. Азыр системага түшүп калдым. Бул ишти кийин балдарым кызыкса улантып кетет. Соодага мектеп босогосун аттаганда аралашып баштагам. Жайкы каникулда таята, таенемдикине барчумун. Таенем чебер эле, ал тиккен эмгектерди сатып келчүмүн", - дейт ал.

Самара Каримова чыгармачылыкты кесип катары кабыл аларын, ага олуттуу карай турганын белгилейт.

"Чыгармачылыгым менен элге таанылып, элдин батасын алып, үй-бүлөмдү багып келе жатам. Таштабайм, тескерисинче өнүктүрөм. Репертуарыма жакында эле "Ортомчу бизге Ысык-Көл", "Баткеним" деген ырлар кошулду. Маркум Гүлбү Ороскул кызы эжекем түшүмө кирип, өзүнүн жакшы көргөн тебетайын "сага жарашат" деп берди. Көпкө ойлонуп жүрдүм, анан бир ырын аткарып чыгайын дедим".

Ырчынын дарегине сындар да айтылып келет. Бирок ага көңүл бурбайм дейт.

"Сындарды уга берсең бул жашоодо жашабай эле өлүп калышың керек да. Эми "эл деген сел". Бирөө билип айтат, бирөө билбей айтат. Эң башкысы мен эч кимге жамандык каалабай, жаман сөз айтпасам болду. Мен 31 эле жаштамын, 3 эле балам бар, келечекте чон пландарым бар. Ал үчүн мага чоң күч, бекем ден соолук керек", - деди ырчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9062