Сузакта диний экстремисттик уюмдун 11 мүчөсү кармалды
RU

Сузакта диний экстремисттик уюмдун 11 мүчөсү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда диний экстремисттик уюмдун лидерлери жана активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашат.

Белгилүү болгондой, 27-октябрда "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Анын алкагында ири өлчөмдөгү экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор, электрондук маалымат каражаттарды алып жүрүүчүлөр жана уюмдун каржылык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар алынган.

Экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында системалуу түрдө диний сабактарды өткөрүп, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу экстремисттик материалдарды таратып жүргөнгө шектелип "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" уюмдун лидерлери А.И.Т., И.З.К., К.М.Т., М.Х.Ч., Б.И.М., А.Т.Ж. жана Ч.Х.Т., Э.Н.Т., Х.Ф.Г., П.С.А., А.Д. аттуу активдүү мүчөлөрү кармалды.

Кармалган жарандар УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9068