Садыр Жапаров Араб эмирлигине учуп кетти. Президент менен кеткен делегациянын курамы
RU

Садыр Жапаров Араб эмирлигине учуп кетти. Президент менен кеткен делегациянын курамы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти. Президенттик администрациядан маалымдашкандай, Садыр Жапаров БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу мерчемделген.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев;
  • Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев;
  • жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова;
  • финансы министри Алмаз Бакетаев;
  • экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
  • энергетика министри Таалайбек Ибраев;
  • Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров;
  • Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров;
  • президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев;
  • министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Темирбек Эркинов.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9076