Көк бөрү боюнча чемпионатта мыкты командалар, оюнчулар жана аргымактар аныкталды
RU

Көк бөрү боюнча чемпионатта мыкты командалар, оюнчулар жана аргымактар аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында чоңдор арасында Талас облусу жеңүүчү болду. Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашкандай, чемпионатта мыкты оюнчулар жана мыкты аргымактартар аныкталды.

Оюндар 26-30-октябрда Талас облусунун Райкан Алканов атындагы ат майданында орун алып, ага республиканын бардык аймактарынан 14 команда катышты.

30-октябрь күнү финалдык беттештер өттү. Анда:

  • Жаштар арасында Чүй облусу менен Нарын облусу беттешип, 7:0 эсебинде Чүй облусунун курама командасы жеңүүчү болду. 2-орунду Нарын облусу, 3-орунду Талас облусунун курама командасы алды.
  • Жаштар арасында чемпионаттын "Эң мыкты оюнчусу" наамын Чүй облусунун курама командасынын оюунчусу Калкаман Акбаржан уулу алды.
  • Эң мыкты аргымак деп Нарын курамасынан Арча-Тору аталды.
  • Чоңдор арасында финалда Талас жана Чүй облусунун командалары беттешип жалпы 7:5 эсебинде Талас облусунун курама командасы командасы жеңишке жетти. Негизги жыйынтык 4:4 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган, бирок буллит ыкмасында 3:1 эсеби менен Талас облусу алдыга чыкты. Чоңдор арасында 2-орунду Чүй облусу, 3-орунду Ош облусу ээледи.
  • Чоңдор арасында Талас облусунун оюнчусу Кушчубай Илис уулу "Эң мыкты оюунчу" деп табылды.
  • "Эң мыкты аргымак" деп Чүй облусунан Көк-Мончок аталды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9081