Депутат Кемпир-Абад боюнча келишим долбоорду 5 жыл кийин кароону сунуштады
RU

Депутат Кемпир-Абад боюнча келишим долбоорду 5 жыл кийин кароону сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети бүгүн, 31-октябрда Кемпир-Абад боюнча маселени жабык эшик артында карады.

Кыргызстан менен Өзбекстандын Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу келишим долбоорун талкуулап жатып Нуржигит Кадырбеков кесиптештерине кайрылды.

"Бул кылдат карай турган маселе. Биз, депутаттар эмоцияга алдырбашыбыз керек. Балким, бул маселе чек ара маселесин чечип, келечекте эки өлкөнүн ортосунда талаш-тартыш болбошу үчүн, окуялар кайталанбасын деген максатта жакшы ниет менен көтөрүлүп жаткандыр. Бирок бир бирок бар. Көпчүлүк бул келишимге тынчсызданууда. Мен президентке кайрылып бул маселени кароону кийинкиге жылдырып, ага беш жылдык мораторий киргизип, кайра ойлонуп көрүүнү сунуштайт элем. Маселен, президент казинолор жөнүндөгү мыйзамга кайра кайрылып, аны жокко чыгаруу демилгесин көтөрөт деп ойлойм. Бул чечиле турган маселе. Бирок Өзбекстан менен келишим маселесинде ката кетирсек, анда артка кайтуу болбойт. Биз бардык көпүрөлөрдү жок кылабыз. Мамлекет башчы дагы бир жолу ойлонсо жакшы болмок. Ниет жакшы экенин түшүнөм, бирок ушундай ниет менен адамдар ката кетирип алышат", - деди Кадырбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9092