Чүйдө турак үйдөн өрт чыгып, бир адам ооруканага жеткирилди
RU

Чүйдө турак үйдөн өрт чыгып, бир адам ооруканага жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Ак-Суу айылында турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоодон үйдүн 60 чарчы метр аянты жана тиричилик буюмдары күйүп кеткен. Андан тышкары, өрттөн 39 жаштагы Ш.Д. аттуу киши 2-даражадагы күйүк алып, райондук ооруканага жеткирилген.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9098