Кыргызстанда санариптештирүүнүн деңгээли өсүп, 81-орунга жайгашты
RU

Кыргызстанда санариптештирүүнүн деңгээли өсүп, 81-орунга жайгашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда санариптештирүүнүн деңгээли өсүп жатканын кабарлайт. Мындай маалыматты министрлик Бириккен улуттар уюму жүргүзгөн мониторингге шилтеме берүү менен кабарлады.

Ага ылайык:

  • 193 өлкөнүн арасынан E-Government Development Index (электрондук өкмөттүн өнүгүү деңгээли) рейтингинде Кыргызстан 81-орунга жайгашты;
  • Муну менен 8 жылда Кыргызстандагы санариптештирүү 20 позицияга жогору көтөрүлдү; Азыркы учурдун EGDI рейтингиндеги Кыргызстандын бул көрсөткүчү эң мыкты көрсөткүч болуп саналат.
  • Кыргызстан жарандардын электрондук катышуусунун рейтингинде да ишенимдүү түрдө 79-орунга көтөрүлдү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9099