Жалал-Абадда 200 жыл мурун курулган мечиттин ордуна жаңысы салынууда
RU

Жалал-Абадда 200 жыл мурун курулган мечиттин ордуна жаңысы салынууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 1825-жылы курулган мечиттин ордуна жаңы заманбап мечит курулууда. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы кабарлайт.

Билдирүүдө айтылгандай, тарыхый мечит Базар-Коргон шаарынын Дамлажанов көчөсүндө жайгашкан болчу.

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла Жээнбеков мечиттин курулушу менен таанышып, тиешелүү тапшырмаларды берген.

150 адамга ылайыкташкан мечиттин курулушу арабиялык ишкерлердин колдоосу жана жергиликтүү тургундардын каржылоосу менен жүргүзүлүүдө. Курулуш иштери дээрлик аяктап калган мечиттин бир ай ичинде пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.

Эске салсак, буга чейин пайдаланылып келген мечиттин эскилиги жетип, жарандар үчүн кооптуулук жарата баштаган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9106