Бишкекте казакстандык үч активист кармалды
RU

Бишкекте казакстандык үч активист кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" аэропортунда казакстандык активисттер Диана Баймагамбетова, Дидар Каиров жана Асхат Жексебаев кармалды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн активисти Жанна Бота өзүнүн YouTube-каналында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, активисттерди Кыргызстандын УКМКсы кармаган.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Элдер репрессиялык режимден качкысы келген. Алар пробациялык көзөмөлдө болушкан. Саясий мотивдер боюнча күнөө тагылып жаткан", - деди Жанна Бота.

Kaktus.media редакциясы КР УКМКдан окуяга байланыштуу комментарий ала алган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9107