Бекешев: "Азаттыктын" эсебинин бөгөттөлүшү баарына тиешелүү. Бул ишкерлер үчүн да коркунуч
RU

Бекешев: "Азаттыктын" эсебинин бөгөттөлүшү баарына тиешелүү. Бул ишкерлер үчүн да коркунуч

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Азаттык" раидосунун банктагы эсебинин бөгөттөлүшү Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугуна терс таасирин тийгизип, бүтүндөй бизнес коомчулугун тынчсыздандырууда. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү министрлер кабинетинин өкүлүнөн "Азаттык" редакциясынын банк эсептери эмненин негизде бөгөттөлгөндүгү тууралуу маалымат берүүнү суранды. Бекешев "Азаттыктын" эсебинин жабылуусу барына тиешелүү экендигин баса белгилеп, бул айрыкча ишкерлер үчүн да коркунуч жаратып жаткандыгын айтты.

"Азаттыктын" банктагы эсеби бөгөттөлдү. Буга мыйзамда үч гана негиз бар – булар салыктык карыздар, каражатты адалдоо же террористтик ишмердүүлүктү каржылоо жана соттун чечими. Көпчүлүгү бул бир гана "Азаттыкка" тиешелүү деп ойлошу мүмкүн, бирок андай эмес. Банктар мыйзамды бузбашы керек. Бул аябай эле терс көрүнүш, бул жагдайды ишкерлер, чет элдик инвесторлор көрүп турушат. Мына ушул жерде "Эгерде "Азаттыктын" эсеби бөгөттөлсө, анда калган башка эсептерди да бөгөттөөгө болобу?" деген суроо жаралат. Бул бүтүндөй банк сектору үчүн терс көрүнүш. Демек, бүгүн "Азаттыктын" эсеби бөгөттөлдү, кийинки инвесторлорбу?", - деди депутат.

Эске салсак, 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Министрликтин билдирүүсүндө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес материалдарга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9118