Киберспортчу Бакыт Эмилжановду салтанаттуу тосуп алышты
RU

Киберспортчу Бакыт Эмилжановду салтанаттуу тосуп алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнөлүк The International 11 турнирининде ийгиликке жетишкен киберспортчу Бакыт Эмилжанов Бишкекке келди.

Кирберспортчуну "Кордай" кыргыз-казак бажы постунан Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басарлары, Киберспорт федерациясынын президенти, спортчунун достору жана күйөрмандары тосуп алышты.

The International турниринин финалдык оюну 30-октябрда Сингапурда өткөн. Аталган турнирдин жеңүүчүлөрү 8,4 миллион доллар, ал эми "Team Secret" командасы 2,4 миллион доллар байгеге ээ болушкан. Бакыт Эмилжанов "Team Secret" командасынын курамында ойногон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9119