Жалал-Абадда эне-бала диний уюмдун ишмердүүлүгүн активдүү жайылтканга шектелүүдө
RU

Жалал-Абадда эне-бала диний уюмдун ишмердүүлүгүн активдүү жайылтканга шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун активдүү мүчөсү болгон чет элдик жарандарды аныкташты. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, шектүү катары эне-бала кармалды.

Милиция кызматкерлерине облус аймагында экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу жана жайылтуу иштери активдүү жүргүзүлүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Алынган маалыматтар 332-берене (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иштердин алкагында экстремисттик материалдарды таратып жаткандар Өзбекстандан келген бир үй-бүлө мүчөлөрү экени белгилүү болду. Бул үй-бүлө (1967-жылы туулган Э.Т., анын аялы 1976-жылы туулган Э.З. жана баласы 1994-жылы туулган У.А.) 2006-жылы мамлекеттик чек араны мыйзамсыз жолдор менен бузуп өткөнү да такталды.

Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан Э.Т.га издөө жарыялангандыктан үй-бүлөсү менен качып, Кара-Суу районунун аймагына өтүп келишкен. Кийин "Хизб-ут Тахрир" уюмунун активдүү мүчөлөрү менен байланышта болуп, алардын жамаатына кошулуп, Жалал-Абад облусунун аймагында сабактарды уюштуруп өтүп келишкен. Мындан сырткары социалдык тармактардагы фейк баракчалар аркылуу экстремисттик материалдарды даярдап, жайылтып келишкен. Э.Т. ден-соолугуна байланыштуу 2021-жылы каза болгон. Ал эми аялы менен баласы бул жааттагы ишин улантып келишкен.

Бул иш боюнча топтолгон материалдар соттун кароосуна жөнөтүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9124