Чоң Чүй каналына түшүп кеткен унаанын айдоочусу аман калып, жүргүнчүсү каза тапты
RU

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен унаанын айдоочусу аман калып, жүргүнчүсү каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Чоң Чүй каналына унаа түшүп, айдоочу аман калды. Ал эми 20 жаштагы Фатима Ильяз кызы аттуу жүргүнчү каза болгон. "Айдоочу жанындагы адамды куткарбай койгону үчүн кызыбыз каза болду" дешет жабырлануучу тарап.

Фатиманын таежеси Динара Сыдыкованын айтымында, 19-октябрь күнү жээни Ысык-Ата районунун Юрьевка айылынан Бишкекке Керим менен бара жаткан.

"Жолдо баратканда унаа Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Керим унаадан чыгып, Фатиманы унаанын салонунан чыгарбай койгон. Ал эмнеге жанындагы кызды да алып чыккан эмес? Балким ал нес абалда болгондур, эмне болгонун түшүнбөй турабыз", - дейт ал.

Айтымында, Керим милиция кызматкерлерин, "Тез жардам" кызматын дароо чакырган эмес. Эгер ал убагында чара көрсө Фатима аман калмак беле дейт Сыдыкова.

"ӨКМнын кызматкерлери эртеси күнү унааны суудан чыгарышкан. Кызыгы унаанын терезелери, эшиктери жабык болгон. Эгер Керим унаадан чыгып кетсе, демек Фатима деле чыга алмак да. Учурда Керим үй камагында. Тергөө чындыкты бизге ачыктап берет деп чоң үмүт кылабыз", - деди кайгырып.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9142