7 млн рубль үчүн соттолгон кыргызстандыктын иши боюнча аппеляциялык арыз даярдалууда
RU

7 млн рубль үчүн соттолгон кыргызстандыктын иши боюнча аппеляциялык арыз даярдалууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

7 миллион рубль уурдаган делип соттолгон кыргызстандыктын иши боюнча Кыргызстандын Россиядагы башкы консулдугу жана жабырлануучунун жактоочусу аппеляциялык арыз даярдоодо. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилесек, 2021-жылдын ноябрында А.Б. аттуу жаран жумушка бараткан жолдо баштык таап алган, кийинчерээк ал баштык Новосибирсктин жашоочусуна таандык экендиги аныкталган. Сумканын ээси ичинде 7 миллион рубль болгондугун билдирген. Бирок кыргызстандык анын ичинде жаздык каптар, калем сап жана флеш-картадан башка эч нерсе жок экендигин айткан.

2022-жылдын 27-октябрында Новосибирсктин Октябрь райондук соту аялды күнөөлүү деп таап, 2 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Эркинен ажыратылган аял тергөөнүн жүрүшүндө да, сотто да күнөөсүн моюнга алган эмес.

Кыргызстандык аял кармалган убакыттан тарта КРнын башкы консулдугунун кызматкерлери ал менен дайыма байланыштуу болуп, бул иш боюнча бардык сот отурумдарына катышып келет. Дипломаттар А.Б. менен Новосибирсктеги СОЗИ-1де жолугуп, азык-түлүк жана дары түрүндө көмөк көрсөтүшкөн.

Башкы консулдук Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотуна А.Б.нын баш коргоо чарасын эркинен ажыратуу эмес деп өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган жана жактоочуар менен биргеликте Новосибирск облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылуунун үстүндө иштеп жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9146