АКШ Өзбекстанга 2,8 миллион долларга аскердик техника берди
RU

АКШ Өзбекстанга 2,8 миллион долларга аскердик техника берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШ Өзбекстандын Коргоо министрлигине аскердик техника тапшырды. Тагыраагы, 2,8 миллион долларга Polaris MRZR үлгүсүндөгү жеңил тактикалык аскердик 50 унаасы берилген. Мындай маалыматты АКШнын Ташкенттеги элчилигине шилтеме берүү менен Haqqin.az басылмасы жазып чыкты.

Техникаларды АКШнын кургактагы күчтөрүнүн борбордук командачысынын орун басары, генерал-майор Вендул Хаглер Өзбекстандын Коргоо министрлигинин атайын операциялык күчтөрүнө тапшырды деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жабдуулар Пентагон каржылаган "Өнөктөштөрдүн потенциалын жогорулатуу" программасынын алкагында берилгени айтылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9150