"Аргентина сулуусу" менен "Пуэрто-Рико сулуусу" баш кошконун жарыялашты
RU

"Аргентина сулуусу" менен "Пуэрто-Рико сулуусу" баш кошконун жарыялашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Аргентина сулуусу" наамынын ээси Мариана Варела жана "Пуэрто-Рико сулуусу" Фабиола Валентин баш кошконун жарыялашты. Алар 2 жыл бою мамиледе болуп бирок сыр тутуп келишкен дейт CNN.

Сулуулар социалдык тармактагы баракчаларына романтикалык саякатын, батирин жана үйлөнүү сунушун айткан учурунан видео жайгаштырышкан. Кыздар видеонун алдына "Бул өзгөчө күнү биз мамилебиз тууралуу айтууну чечтик" деп билдирүү калтырышкан. Алар бриллиант көздүү окшош нике шакегин тагынган сүрөтүн да чыгарышкан.

Мариана Варела 26 жашта, ал эми Фабиола Валентин 22 жашта. Алар 2020-жылы Miss Grand International сынагында таанышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9151