Ысык-Көлдө апасы мезгилсиз дүйнө салган окуучунун атасы изделет
RU

Ысык-Көлдө апасы мезгилсиз дүйнө салган окуучунун атасы изделет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө Алмазбек Аралбаев аттуу жаран изделет. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, сентябрь айында аталган жарандын изделип жатканы тууралуу социалдык тармактарга билдирүүлөр чыккан.

Маалым болгондой, жарыяны Ананьево айылындагы орто мектептин мугалими жайгаштырган. Ал 5-класстын окуучусунун апасы дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу атасын табууга жардам берүүнү суранган.

Милиция тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп, изделип Алмазбек Аралбаев 1978-жылы туулганын, Ысык-Көл районунун Кашат айылынын тургуну экенин аныкталды.

Аралбаев 2018-жылы Бишкекке, 2019-жылы Москва иштегенге кетип ошол бойдон дайынсыз. Бул туурасында дайынсыз болуп жаткан жарандын улуу агасы Канатбек Аралбаев билдирип, милицияга арыз менен кайрылган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө Алмазбек Аралбаев 2022-жылы май айында Россиядан Кыргызстанга келгени такталды. Азыркы учурда издөө иштери улантылууда.

Эгер жогорудагы адамды көргөн, билгендер болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 102, 0505 233 322.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9153