Тазабек Икрамов журналист Сатыбалдиеванын кармалышы боюнча пикирин айтты
RU

Тазабек Икрамов журналист Сатыбалдиеванын кармалышы боюнча пикирин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Тазабек Икрамов акча талап кылууга шектелип жаткан журналист Санрабия Сатыбалдиеванын кармалышы боюнча Kaktus.media редакциясына комментарий берди. Ал белгилегендей, буга чейин журналистти УКМКга суракка чакыртышкан.

Эл өкүлү кармалган журналистти жакшы тааный турганын, анын кармалганын укканда кайра коё берет деп ойлогонун айтат. Анткени Сатыбалдиева кош бойлуу жана 2 жашка чыга элек баласы бар.

"Мен билгенден анын үстүнөн башка журналист кыз арыз жазган. Ал Шаирбек Ташиевдин Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча пикирин чагылдырган материалды же постту өчүрүп коюуну суранган. Аны буга чейин да УКМКга суракка чакыртышып, социалдык тармактагы пикирлери үчүн "коркутушка". Бул кармоо кызыктай эле болду. Курьердин ролун өзбек жараны аткарыптыр. Мен Сатыбалдиеванын кармалышын жалаа деп эсептейм", - деди депутат.

Ал эми 48 саатка камакка алынган журналист эч кимден акча опузалабаганын жана бул ишке депутат Шаирбек Ташиевдин тиешеси бар экенин айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9158