Акылбек Жапаров прапорщиктин айлыгы 76 миң сом болгонун айтты
RU

Акылбек Жапаров прапорщиктин айлыгы 76 миң сом болгонун айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аскер кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлгөндөн кийин канча болгонун айтты.

"Баткен облусунда кызмат өтөгөн прапорщик буга чейин айына 17 миң сом маяна алып келген. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан бери анын айлыгы 76 миң сомду түздү. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары мурда 20-22 миң сом алышса, азыр 85 миң сом алып жатышканын айтты. Биз айлыктарды ушундай суммага чейин жеткиздик", - деди Жапаров өкмөт жыйынында.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстандын аскер кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кошумча төлөмдөр көбөйтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9163