Бишкекте бычакталган орус жаранынын жансыз денеси табылды
RU

Бишкекте бычакталган орус жаранынын жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте үйлөрдүн биринин жер төлөсүнөн бычактан жаракат алган 30 жаштагы россиялык жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 3-ноябрь күнү саат 13:15тер чамасында Калык Акиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жер төлөсүнөн бычактан жаракат алган адамдын сөөгү табылган.

Милиция кызматкерлери каза болгон адам Россия Федерациясынын жараны 1992-жылы туулган Р.И. экенин аныкташкан.

Бул факт катталып, бардык керектүү экспертизалар дайындалган.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9165