Германиядан келген Өмүрбек Текебаевди суракка алып кетишти
RU

Германиядан келген Өмүрбек Текебаевди суракка алып кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевди ИИМге суракка алып кетишти. Маалыматты жактоочу Искен Афиджанов ырастады.

Азырынча Текебаевдин суракка чакыртылганынын себеби белгисиз. Саясатчынын жакындарынын айтымында, ал Германиядан бир күн мурда келген.

ИИМден Текебаевдин суракка чакыртылганы боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9172