Президент журналисттерди, ЖМК өкүлдөрүн куттуктап, кубанта турган жагдайды айтты
RU

Президент журналисттерди, ЖМК өкүлдөрүн куттуктап, кубанта турган жагдайды айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Мамлекет башчы дүйнө жүзүндө коомдук пикир жаратып, элди туура нукка буруунун башкы куралы бул – жалпыга маалымдоо каражаттары экенин белгиледи.

"Өлкө турмушундагы саясий, социалдык-экономикалык маанилүү окуяларды ыкчам, так, ынанымдуу жана калыс жеткирүү милдети басма сөз кызматкерлеринин кесипкөйлүгү менен тыгыз байланыштуу.

Бүгүнкү күндө коомчулукка маалымат таркатуунун жаңы ыкмалары, технологиялары артып, кулачын кеңири жайды.

Салттуу журналистикага атаандаш болгон социалдык түйүндөр аркылуу коомдук пикирди жаратуу кадимки көрүнүшкө айланды. Мындай шартта маалымат таркатуучу болгон ар бир жаран коомчулукка пайда келтирем деген аруу ой-тилеги менен кошо тараткан ар бир сөзүнө да жооптуу экенин аңдап-билиши абзел.

Урматтуу журналисттер! Коомчулукта ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө болуп, заман талабын тереңден түшүнгөн, жаңы багыт, жаңы идея менен жаңы көз караштагы кабарларды даярдаган алдыңкы журналисттердин катары калыңдап баратканы кубандырат.

Эркиндикти туу туткан өлкөбүздө кылдат ой жүгүрткөн, кырдаалга калыс баа берген жана маалыматты терең талдаган калемгерлер көп болсун.

Элибиздин маданиятын, улуттук баалуулуктарын даңазалаган, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө багытталган жаңылыктар арбый берсин.Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык изденүү жана жаратмандык каалайм!", - деп айтылат куттуктоодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9177