Чукул билдирүү! Эртең тоолуу аймактарда кар жаайт
RU

Чукул билдирүү! Эртең тоолуу аймактарда кар жаайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

8-9-ноябрларда өлкөдө туруксуз аба-ырайы күтүлөт. ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришкендей, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр, өрөөндөрдө жаан карга айланып, тотоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-ноябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун айрым жерлеринде нөшөрлүү жаан-чачын жаайт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9179