Түркиянын ички иштер министри Кыргызстанга келди
RU

Түркиянын ички иштер министри Кыргызстанга келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-ноябрда Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу баштаган делегация Кыргызстанга иш сапары менен келди. Аларды өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Ички иштер министри Улан Ниязбеков тосуп алышты.

Кечке чейин тараптардын бир катар жолугушуулары белгиленген. Түркиядан келген делегация менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин ар кыл багыттар боюнча кызматташтыкты чыңдоо максатында жолугушуулары өтөт.

Буга чейин Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар департаментинин (AFAD) жана Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен түзүлгөн кызматташуунун алкагында ӨКМдин адистерин тоодо куткаруунун кышкы жана жайкы окуу курстарына, издөө-куткаруу иштерине окутуу жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9181