"Ласковый май" тобунун негиздөөчүсү 58 жашында дүйнөдөн кайтты
RU

"Ласковый май" тобунун негиздөөчүсү 58 жашында дүйнөдөн кайтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиялык белгилүү "Ласковый Май" тобунун негиздөөчүсү, композитор Сергей Кузнецов 58 жашында Оренбургда каза болду. Чет элдик басылмалар композитор алдын ала маалымат боюнча инфаркттан каза болгонун жазышат.

Кузнецов Оренбургдагы туулуп-өскөн үйүндө көз жумду.

Сергей Кузнецов 1964-жылы Оренбург облусунун Медногорск шаарында туулган. Ал 13 жашынан тарта фортепианодо ойноп, сүйүктүү аткаруучуларынын ырларын аткарып, музыканы үйрөнүп, кийинчерээк өз алдынча обон чыгара баштаган. Кузнецов бир нече музыкалык топторду негиздеген. Анын бири "Ласковый май". Ал "Розовый вечер", "Седая ночь", "Белые розы" ырларын жараткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9182