Жалал-Абаддын бир көчөсүнө Ташиевдин атасынын аты ыйгарылды
RU

Жалал-Абаддын бир көчөсүнө Ташиевдин атасынын аты ыйгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абаддын көчөлөрүнүн бирине Камчыбек Ташиевдин атасынын наамы ыйгарылды. Бул тууралуу социалдык тармактарга УКМКнын жетекчисинин тарапташтары жазып чыгышты.

Жеңиш кичи районунун тургундары көчөгө бул ысымды ыйгарууну мурда эле чечишкен. Жолду Ташиев өзү оңдогон. Ал эми ачылышы 8-ноябрда болуп өттү.

Мындан тышкары, Ташиев туулуп өскөн Барпы айылындагы 1 километр жолду оңдоону каржылады. Көчөнүн ачылышына өзү катышты. Жергиликтүү тургундар УКМКнын башчысына чепкен менен тебетей кийгизишти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9193