Болот Назаров тоноого шектелип кармалды
RU

Болот Назаров тоноого шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Төкмө акын Болот Назаров бирөөнүн малын тартып алганга шектелип кармалды. Маалыматты бүгүн, 9-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Анда айтылгандай, Москва районунда 7-ноябрда милицияга Беловодское айылынын 1968-жылы туулган М.И. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү түштөн кийинки убакытта Москва районунун Чоң-Арык айылындагы таалада белгисиз киши 14 жаштагы М.Ю. аттуу баласынын минип жүргөн айгырын сүрөткө түшүп алайын деп сурап алып, атты минген боюнча качып кеткени айтылат.

Аталган факты Москва РИИБ тарабынан 206-берене (тоноо) менен катталып, 8-ноябрь күнү кылмыш иши козголгон.

9-ноябрда Москва РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 1993-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Уурдалган жылкы далил катары алынды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9197