Президент мамлекеттик уюмдарга лампаларды ата мекендик ишканадан сатып алууну тапшырды
RU

Президент мамлекеттик уюмдарга лампаларды ата мекендик ишканадан сатып алууну тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Майлуу-Суу лампа заводуна мамлекеттик колдоо көрсөтүлө турган тескемеге кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, тескеме шаар түзүүчү ишканага мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө жана жарыктехникалык тармакты андан ары өнүктүрүүгө, Майлуу-Суу шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталат.

Ага ылайык, министрлер кабинетине бир айлык мөөнөткө төмөндөгүдөй тапшырма берилди: Мамлекеттик республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик органдарга, бюджеттик уюмдарга жана мамлекеттик мекемелерге, жергиликтүү бюджеттен каржылануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, атайын эсептери жана фонддорунун каражаттары бар уюмдарга, ошондой эле мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн башка юридикалык жактарга товарларды бир булактан методу менен "Майлуу-Суу лампа заводунан" түздөн-түз сатып алууларды жүзөгө ашыруу жөнүндө талаптарды белгилөө.

Уставдык капиталындагы мамлекеттик үлүш 50 жана андан ашык пайызды түзгөн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, акционердик коомдорго, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдоруна товарларды "Майлуу-Суу лампа заводунан" сатып алуу сунушталат.

"Майлуу-Суу лампа заводу" өндүргөн товарлардын тизмеги:

  • 25, 40, 60, 75, 95, 100, 150 Вт жалпы багыттагы чыңалуу лампалары;
  • 200 Вт, 300 Вт жана 500 Вт атайын багыттагы ири габариттүү чыңалуу лампалары;
  • 25, 40, 60, 75, 95, 100 Вт декоративдүү тунук колбадагы шамчырактар үчүн чыңалуу лампалары;
  • Шамчырактар, портативдик тигүү машиналары жана ПШ 15 Вт муздаткычтар үчүн чыңалуу лампалары;
  • 40, 60, 95, 100 Вт жергиликтүү жарыктандыруу шамчырактары үчүн чыңалуу лампалары;
  • 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 12 Вт (LED) жалпы жарыктандыруу үчүн жарык чыгаруучу диоддору бар лампалар;
  • Чыңалуусу 12, 24 В жана кубаттуулугу 5, 10 жана 21 Вт болгон жол транспорт каражаттары үчүн чыңалуу лампалары (токтоо белгисинин чырактары);
  • Айнек жиптеринен жасалган ровинг;
  • Айнек жиптеринен жасалган фибра.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9211