Кызыл китепке кирген канаттуу Ысык-Көлдөгү аба майдандан табылды
RU

Кызыл китепке кирген канаттуу Ысык-Көлдөгү аба майдандан табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун кызматкерлери аба майдандын аймагынан Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген үкүлөрдүн сейрек кездешүүчү түрлөрүнүн бири – филинди таап алышты. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашат.

Канаттуу оор абалда табылган. Аэропорттун кызматкерлери үкүнүн өмүрүн сактап калуу үчүн бир аптадан ашык убакыт жумшашкан. Бүгүнкү күнү жырткыч куш Германиянын NABU жаратылышты коргоо союзунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнө өткөрүлүп берилди.

Филин - үкүлөрдүн падышасы болуп эсептелинет. Аталган канаттуу күчтүү дене түзүлүшкө ээ, үкүнүн канатынын узундугу 41-52 сантиметр, учуу учурундагы канатынын узундугу 150-180 сантиметр, салмагы 2,1-3,2 килограммды түзөт.

Филинди токойлордо, талааларда, чөлдөрдө, түздүктөрдө жана тоолордо (3000 метрге чейинки бийикте) кездештирсе болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9212