Баткендик лейтенантка Режеп Тайип Эрдоган диплом тапшырды
RU

Баткендик лейтенантка Режеп Тайип Эрдоган диплом тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулуна диплом жана сертификат тапшырды. ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, бүтүрүү кечеси 1-ноябрда өткөн.

Белгилүү болгондой, Адилет Акынали уулу Түркиянын Ички иштер министрлигинин Анкара шаарындагы Полиция академиясынын базасындагы Полициянын жетекчилерин даярдоо борборунда магистратура программасында Кыргызстандын атынан билим алды. 2021-2022-окуу жылында ""Коопсуздук стратегиялары жана башкаруу" бөлүмүндө билим алуу менен бирге "Жетекчилчилерди баштапкы окутуу жана даярдоо" курсунда үлгүлүү жүрүм-туруму, өзүнүн окуудагы жетишкендиктери жана эл аралык аренада өз жөндөмдүүлүгүн жогорку деңгээлде көрсөткөндүгү үчүн Режеп Тайип Эрдоган диплом жана сертификат тапшырды.

Ошондой Адилет Акынали уулу Түркиянын Полиция академиясынын башчысы профессор, доктор Чолак Йылмаздын колунан сыйлык алды.

Милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулу 1999-жылы Баткен облусунун Баткен районунда туулган. Буга чейин Баткен РИИБде балдар менен иштөө боюнча инспектор кызматында иштеп келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9213