Садыр Жапаров Өзбекстанга учуп кетти. Саммитке катыша турган делегациянын курамы
RU

Садыр Жапаров Өзбекстанга учуп кетти. Саммитке катыша турган делегациянын курамы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Түрк мамлекеттеринин уюмунун саммитине катышуу үчүн Өзбекстандын Самарканд шаарына иш сапары менен учуп кетти. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, өлкө лидерлери көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Түрк мамлекеттеринин уюмунун Декларациясын жана 2022-2026-жылдарга стратегиясын кабыл алышат.

Иш-чаранын алкагында транспорт, бажы иши, санариптештирүү жаатындагы документ жана макулдашууларга кол коюу, ошондой эле Түрк мамлекеттеринин уюму менен Эл аралык Түрк академиясындагы бир катар кызматтарга дайындоо болору пландалууда.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев;
  • Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев;
  • Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев;
  • Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
  • Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков.

Белгилей кетсек, өзбек тараптын төрагалыгы астындагы саммиттин ишине уюмга мүчө-мамлекеттер – Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын башчылары катышат. Ал эми Венгриянын премьер-министри менен Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы байкоочу макамында катышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9222